2024-жылдын 23-ноябрында Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында “Кайын энем менин асылым, келиним менин жакыным” аталышындагы конкурс болуп өттү.
Бул конкурс үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу максатында “Зордук зомбулуксуз жашоо” аттуу 16 күндүк акциянын алкагында Нарын райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргызстан аялдарды коргоо борбору менен биргеликте ишке ашырылды.
Конкурстун негизги максаты- үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана бакубат жашоону орнотуу, зордук зомбулукту алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу.
Ошондой эле ушул акциянын алкагында Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылында “Атам, апам жана мен” аттуу үй-бүлөлүк спорттук иш-чара өткөрүлдү.