2024-жылдын 24-майында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбековдун чыгармаларын жана котормолорун көркөм окуу боюнча “Жылдыздуу жээк” адабий сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
Бул поэзия сынагы Ч.Турсунбеков атындагы коомдук фонд тарабынан, жаш акын калемгерлердин чыгармачылыгына дем берүү жана колдоо максатында уюштурулуп келет .
Маркум Ч. Турсунбековдун калемине таандык ырларды окуп, сынакка катышкан окуучулардын алдынкы орундарды ээлегендерине Ысык-Көлдө өтүүчү Жылдыздуу жээк поэзия фестифалына жолдомолор, активдүү катышуучуларга ыраазычылык каттар, ыр жыйнактары жана “Акун” фирмасынан чыккан азыктары тапшырылды.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова катышып, окуучуларды билимге жана илимге шыктандырган сынакка катышкандардын саны жыл сайын арбып жатканын белгилеп, чыгармачылык ийгилик каалап өттү.
Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы орто мектебинин окуучусу Нурислам Кадырбековго Ысык-Көлдө өтүүчү “Жылдыздуу жээк” поэзия сынагына жолдомо сертификаты тапшырылды. Ошондой эле аталган сынакка катышкан көптөгөн активдүү катышуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.
“Жылдыздуу жээк” көркөм окуу сынагынын финалдык бөлүгү 2024-жылдын 27-30-июнь күндөрү Ысык- Көл жээгинде өтүүчү Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын алкагында өтөт