Бүгүн, 20-январда Эмгек-Талаа жана Учкун айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрүлүп, жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчеттор берилди.
Жыйында айыл өкмөт башчылары жыл ичинде аткарылган иштери, жетишкендиктери, айылдын инфраструктурасын жогорулатууда көрүлгөн аракеттер, айыл өкмөттөгү социалдык-экономикалык жактан көрсөткүчтөр баяндалып, маалыматтар берилди.
Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Тукеев, мекеме жетекчилер, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ташболотов, Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуров жана жергиликтүү тургундар катышты.
Нарын районунун акими Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.
Президентибиздин жүргүзүп жаткан саясаты негизинен экономиканы өнүктүрүү, социалдык-экономикалык багыттагы долбоорлорду колдоо жана калкка тийиштүү кызматтарды жакшыртуу, айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүү, элдердин турмуш шарттарын жакшыртууга багытталганын баса белгиледи.
Андан сырткары 2024-жылы районго инвестиция тартуу боюнча көп иштер жасалганын, тартылган инвестициялар айыл аймактарда жаңы жумушчу орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканын өсүшүнө чоң салым кошулаары, бир катар жаңы ишканалар ачылып, ачылган ишканалар айыл тургундарына туруктуу эмгек мүмкүнчүлүктөрүн жана калкка кызмат көрсөтүүдө жаңы шарттар камсыз кылынгандыгы айтылды.
Ошондой эле Нарын районунда мамлекеттин колдоосу менен аткарылган иштер, Солтон-Сарыдагы “Бучук” алтын кени сыноо режиминде ишке кирип, өз ишмердүүлүгүн баштаганын, аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана электр энергиясын өндүрүүдө маанилүү болгон Куланак ГЭС тин курулушу, чакан ишканалар ачылып, жаңы жумуш орундары түзүлгөндүгү жана 4 заводдун курулушу жакында башталаары жана билим берүү тармагында мамлекеттин колдоосу менен райондо 5 мектептин курулушу жүрүп жатканын жана саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан колдоо боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө элдин сунуштары жана суроо талаптары айтылды.
Жолдордун жана көпүрөлөрдүн абалы, жайыт, жер жана электр энергия, медицина тармагы боюнча көйгөйлөр айтылды. Жеринде тиешелүү мекеме жетекчилери тарабынан жооптор берилди.