Бүгүн, 13-апрелде Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдары тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында Өрнөк айылындагы Ч.Актанов атындагы жаштар паркында 69 түп кызыл карагай (сосна) көчөттөрү отургузулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ш.Абдраимов, Нарын районунун акиминин орун басары Э.Жанболотова, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев жана “Авелум Партнер” ЖЧК сынын өкүлдөрү катышты.
Бүгүнкү иш-чарага “Авелум Партнер” ЖЧКсы тарабынан 160 миң сомдук колдоо көрсөтүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын ийгиликтүү ɵткɵрүү, айлана–чɵйрɵнү жакшыртуу, токойлорду азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу жана жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүү.
Ошондой эле 3 айлык ишембиликтин алкагында райондун айыл аймактарында ишембиликтер өткөрүлүүдө.
Аймактарда жолдун жээктери, коомдук эс алуу жайлары, социалдык обьектилердин айланалары тазаланып, ирээтке келтирилүүдө.
Мындан сырткары мамлекеттик маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун жээктеринде да тазалык иштери жүргүзүлүүдө.
Тазалоо иштерине ДЭП-41 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана Миң-Булак айыл өкмөтүнүн билим берүү кызматкерлери тартылды.