
2025-жылдын 3-майында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында,
Миң-Булак Айыл Өкмөтүнө караштуу Куйбышев айылындагы Жеңиш паркында көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузууга белгилүү инсандар жана коомдук ишмерлер катышты:
– Кыргыз эл жазуучусу, драматург, акын Асан Жакшылыков;
– Кыргыз эл артисттери Т.Актанов жана Ч.Думанаев;
– Журналисттер К.Чекиров жана А. Аманкулова;
– Акын Ж. Исабаева;
– КР ИИМнин ардагери, полковник А. Коенбаев;
– Миң-Булак айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.
Парктын түзүлүшү — бул улуу муунду урматтап, алардын эрдигин эскерүү менен катар, айылдын жашыл келечегине кошкон маанилүү салым болуп саналат.

Бул иш-чара — Улуу Жеңишке жана анын баатырларына болгон таазимдин, ошондой эле жаратылышты сактоонун жана келечек муундарга мурас калтыруунун символу катары эсептелет.
Ошондой эле бак тигүү иш-чарасынын соңунда ата-бабалар эскерилип, куран окулду.