ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА УКУК БУЗУУЛАРДЫ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 28-октябрда администрациянын жыйындар залында Нарын райондук прокуратурасынын сунушунун негизинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын районунун прокурору Суранбеков Дөөлөтбек Жусуповичтин катышуусунда жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столго мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана айыл өкмөттөрдүн социалдык адистери катышты.
Тегерек столдо негизинен 2 маселе каралды:
1. Нарын районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча 2024-жылдын 3-кварталына аткарылышы;
2. Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө 2024-жылдын 3-кварталына аткарылышы;
1-маселе боюнча Нарын райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Г.Султаналиева, Нарын районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча 2024-жылдын 3-кварталына аткарылышы маалымат берип, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулук, суицид, эрте никеге туруу, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча натыйжалуу иш алып баруу жагын маалымдады.
Райондун аймагына психологдорду тартуу, билим берүү мекемелерине медициналык штаттарды ачуу жана эрте никеге туруунун зыяндуу кесепеттери боюнча окуучулар жана ата-энелер арасында байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагын сунуштады.
Ал эми 2-маселе боюнча Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору У.Усубалиев үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө 2024-жылдын 3-кварталына аткарылышы боюнча маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, рэкетчилик фактыларын алдын алуу максатында элдик кошуундарды, коомдук алдын алуу борборлорун, социалдык кызматтын, жергиликтүү комитеттердин мүчөлөрүн тартуу менен рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүү аркылуу иш алып баруу, ата-энелер жана жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп туруу жагы сунушталды
Белгилей кетсек Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 7-октябрындагы №356-б буйругу чыгып, атайын график түзүлүп, Нарын районунун айыл аймактарында жаш өспүрүмдөргө карата зордук зомбулукту, кылмыштуулукту жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Калк арасындагы түшүндүрүү иштерине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда жер-жерлерде жыйындар өткөрүлгөн.

Жооп калтыруу