Кечээ, 2-декабрда Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Куйбышев айылындагы Актан Тыныбеков атындагы орто мектебинде ата-энелер менен жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Ж.Мамбетказиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г. Исакова, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлү, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчы С.Чекиров, айылдык кеңештин төрагасы К.Усупов, Миң-Булак айыл аймагына караштуу бардык айылдардын айыл башчылары, айылдын имамы, мугалимдер жамааты жана ата-энелер катышты.
Ата-энелер менен болгон жыйындын эң негизги максаты-жаш өспүрүмдөргө карата зордук зомбулукту, кылмыштуулукту жана үй-бүлөлүк зомбулукту, эрте никеге турууну жана суицидди алдын алуу жана ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жергиликтүү комиссиялардын жер-жерлерде жүргүзүп жаткан иштерин кароо.
Жыйында ата-энелер жана мектеп кызматкерлери биргеликте иш алып баруунун маанисин жана коопсуз, колдоо көрсөткөн чөйрөнү түзүү зарылдыгы белгиленди.
Ата-энелердин, мугалимдердин жана окуучулардын ортосундагы байланыш билим берүү процессинде жана балдардын өнүгүшүндө маанилүү роль ойногондуктан, бул үч тараптын өз ара байланыштары жана таасирлери окуучулардын ийгиликтерине жана жүрүм-турумуна түздөн-түз таасир берери айтылды.
Жолугушууда ата-энелер тарабынан окуучулардын жүрүм-туруму жана кылмыштуулукту, зомбулукту, эрте никеге турууну жана суицидди алдын алуу боюнча сунуштар айтылды.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” N54 Жарлыгын аткаруу максатында ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча дагы маалымат берилди.
Ошондой эле N54 Жарлык ысырапкорчулукту кыскартуу максатында 2024-жылдын 14-октябрында “ “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу чаралары жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” №296 Жарлыгы чыгарылып, маркумдарга эстелик күмбөздөрдү баалуу таштардан, мрамор, гранит жана металл буюмдардан же алардын кошулмаларынан турган материалдардан жасоого, статуяларды, эстеликтерди орнотууга тыюу салуу боюнча дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.