2024-жылдын 14-15-16-октябрь күндөрү Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын Таш-Башат,Орук-Там, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Кудук, Шоро,8-Март, Ак-Талаа жана Жан-Булак айылдарында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте райондун айыл аймактарында жаш өспүрүмдөргө карата зордук зомбулукту, кылмыштуулукту жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында, атайын түзүлгөн графиктин негизинде айыл аймактарды кыдыруу уланууда.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” N54 Жарлыгын аткаруу максатында ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча дагы маалымат берилди.
Иш сапардын жүрүшүндө Нарын районундагы бардык айылдарда калктын аярлуу катмары болгон аз камсыз муктаж үй-бүлөлөргө жөлөк пулдардын даректүү дайындалышы боюнча жер-жерлерде жөлөк пул алуучулардын жашоо шарты менен таанышып, аларга жөлөк пулдарды чектөө жана төлөө эрежелери түшүндүрүлүүдө.