2025-жылдын 8-октябрь күнү Нарын районунун Куйбышев айылындагы Актан Тыныбек атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Жаш өспүрүмдөр үчүн тарбиянын мааниси — прокурордун көз карашынан, мекенге пайдалуу инсан болуу — бүгүнкү аракеттен башталат” аттуу иш-чара өттү.
Иш-чара Нарын райондук прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Жолугушууга Нарын районунун прокурорунун орун басары Мухаммед Паттаевич Жалилов катышып, окуучуларды тарбиялуу, билимдүү жана мекенчил болууга чакырып, ак жол каалады.
Ошондой эле укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында “Коопсуз мектеп” темасында даярдалган макеттер жана дубал газеталар сунушталды.
Бул иш-чара жаштарды туура жолго багыттоодо, жоопкерчиликти сезүүгө жана өз келечегине кайдыгер карабоого үндөгөн маанилүү саамалык.













