Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы «Балдар иштери» боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү максатында жарандык коомдун өкүлдөрүнүн арасында тандоо өткөрүлөрүн жарыялайт.
Жарандык коомдук өкүлү КР Өкмөтүнун 24.07.2017-жылдагы №449 токтому менен бекитилген жобого ылайык төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
-социалдык коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндө, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо жаатында иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары болушу керек.
Комиссиянын курамына кирүүнү каалаган жарандык коомдун өкүлдөрү төмөнкү документтерди Нарын райондук мамлекеттик администрациясына тапшыруусу зарыл:
-жеке арызы ;
– паспортунун көчүрмөсү;
– резюмеси;
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-соттуулугу жоктугу тууралуу маалымдама;
Арыздарды кабыл алуу, конкурс жарыяланган күндөн тартып 15(он беш) календарлык күндүн ичине кабыл алынат.
Маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылууга болот:
03522 51432, 03522 51421, моб 0702313773,
Нарын райондук мамлекеттик администрациясы