2024-жылдын 12-январында, түзүлгөн графикке ылайык Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров мекеме жетекчилери менен биргеликте Жан-Булак, Учкун, Жерге-Тал, Чет-Нура, Мин-Булак, Эмгек-Талаа айыл өкмөт башчыларынын жылдык отчеттук жыйындарына катышты.
Жыйында, айыл өкмөт башчылары 2023-жылда социалдык-экономикалык тармакта аткарылган иштери боюнча маалымат беришти.
2023-жылда иш планда негизинен өнөр жай өндүрүшүн жогорулатуу, билим берүү, социалдык жактан камсыздоо, саламаттыкты сактоо, ветеринария, айыл чарбасы боюнча иштер пландалып, аткарылган иштердин ийгиликтери жана кемчиликтери да белгиленди.
Андан соң айыл ичиндеги электр энергия менен камсыздоо, турак-жайга жер тилке берүү, жайыт, жер меселелери боюнча ар түрдүү суроолор берилди.
Жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелери талкууланып, тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчыларына жана мекеме жетекчилерине милдеттендирилди .
Жергиликтүү айыл тургундары жана райондун акими Н. Мадимаров айыл өкмөт башчыларынын 2023-жылда аткарган иштерин канаттандыраарлык деп баа беришти.
Ошондой эле өткөрүлгөн жыйындарда Нарын районунун акими Н.Мадимаров Нарын облусунда жүргүзүлгөн реформа боюнча элге кеңири маалымат берди.
Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” №85 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” №713 токтому айыл өкмөттөрдө ийгиликтүү ишке ашканын баса белиледи.
Андан сырткары жыйында Нарын районунун акими Н.Мадимаров 2023-жылда райондо аткарылып жаткан төмөнкү иштерге токтолду:
2023-жылда Нарын району өндүрүштөн жана салыктын бардык түрлөрүнөн планда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр аткарылгандыгы, ошондой эле райондо мамлекет тарабынан курулушу бүткөрүлгөн 5 мектеп жана 1 спорт комплекси жана 9 айылда таза суу системасы тартылып, учурда 5 айылда таза суу системасы толугу менен бүткөрүлгөндүгүн белгиледи.
Ошондой эле 2023-жылы Нарын районунда 3,5 млрд сом инвестиция тартылып, жалпы район боюнча 400 адам жумуш орду менен камсыз болгондугу маалымдалды.