Бүгүн, 3-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Калдаровичтин тапшырмасына ылайык, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.С.Мадимаров Миң-Булак айыл аймагынын кичи Кара-Кужур өрөөнүндө иш сапарда болду.
Кичи Кара-Кужур өрөөнүндө малчылар менен менен айылды байланыштырган жайыт жолдоруна шагыл төшөлүп, оңдоп, түзөө иштери Жон-Жи-Майнинг компаниясы тарабынан жүрүп жатат.
Район акими жүрүп жаткан иштерди жеринде көрүп, Солтон -Сары жайлоосунда жайыт каттамдары жакшырып жатканына күбө болуп, малчыларга каттоо, алардан кабар алуу жана жүк алып өтүүдө жеңилдиктер болуп жатканын белгиледи.
Жалпысы оор жүк ташуучу 6 хово, 1 автогрейдер, 1 оор жүк жүктөөчү техника (погрузчик) оңдоп түзөө иштерине тартылып, иш алып барууда.