ЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ А.КАСЫМАЛИЕВДИН КАТЫШУУСУНДА ЭЛДИК ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев баардык министрликтин өкүлдөрү менен бирге элдик жыйын өттү.
Элдик жыйын Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында Нарын районунун жана Нарын шаарынын элдери менен жолугушту.
Жыйында Нарын районунун тургундары тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер унаа жолдору, жайыт, социалдык маселелер жана социалдык объектилер тууралуу суроолор берилди.
Берилген суроолорго министрликтердин жетекчилери жана райондук башкармалыктар тарабынан жооптор берилип, айрым суроолор канааттандырылып, айрымдары алдыда чечилери белгиленди.
Жыйын театрдын чоң залында өткөрүлсө, ал эми кичи залында ар бир райондук мекемелер тарабынан кабыл алуу пункуттары уюштурулган.

Жооп калтыруу