ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА РАЙОНДУК МЕКТЕП ЛИГАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2024 жылдын 9- мартында, Нарын облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, дээрлик 3 айга созулуп, 30 дан ашуун команданын ортосунда жүргөн волейбол боюнча Нарын районунун мектеп лигасынын жыйынтыктоо түрү болуп өттү.
Анда өзүлөрүнүн жакшы даярдыгы, командалык оюну, мыкты чеберчилигин көргөзгөн Нарын районунун Кенеш айылындагы Казаалы Абиров орто мектебинин кыздар курама командасы жана Жалгыз-Терек айылындагы Рысбек Усубалиев орто мектебинин балдар курама командасы ийгиликтүү болуп, аталган спорт түрүнүн облустук этабына жолдомо алышты.
Байгелүү экинчи жана үчүнчү оорунду багындырган командалар, демөөрчүлөр тарабынан даярдалган кубоктун ээси болуп, атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Жооп калтыруу