Сиздерди Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Социалдык коргоо – ар бир мамлекеттин саясатынын маанилүү курамынын бири экендигин жакшы билебиз.
Акыркы жемиштүү жылдары Урматтуу Президентибиз социалдык коргоо саясатын жаңы нукка буруп, социалдык коргоо системасын түзүүгө, өнүктүрүүгө басым жасап,көп жылдан бери чечилбей келген бир катар көйгөйлүү маселелерди ишке ашырды.
Президентибиздин демилгеси менен “Социалдык контракт” долбоору ишке киргизилип, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө өбөлгө түзүлдү..
Калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жогорулап, социалдык кепилдиктерди каржылоо жакшырып, социалдык кызматкерлердин эмгек акылары көтөрүлдү.
Турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөр, балдар, багар көрөрү жок улгайган карылар, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жардамга муктаж болгон калктын аярлуу катмарына кызмат көрсөткөн кесипкөй, боорукер, кайрымдуу жана мээримдүү инсандар гана бул кызматты аркалайт деп ишенем.
Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери!
Сиздерди ардактуу кесиптин ак эмгектен баар тапкан берекелүү эмгегиңиздер ар дайым сыймык, кубаныч тартуулап, калк арасында дайыма жогору бааланып, урмат сыйга ээ боло беришине тилектешмин.
Сиздерге чын ден соолук, бакубат жашоо, берекелүү өмүр, руханий байлык, сабырдуулук, чыдамкайлык жана бекемдикти каалайм.
Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, бактылуулук жана ынтымак болсун, сүйүктүү мекенибиз өркүндөп, өсө берсин!
Сиздердин ак ниеттүүлүк менен аткарган иштериңиздер дайыма ийгиликтер менен коштолсун.
Биз Сиздер менен дайыма сыймыктанабыз жана сиздердин татаал, ар түйшүктүү бирок сооптуу ишиниздерди жогору баалайбыз.
Сиздерди терең урматтоо менен, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович

