Бүгүн, 2025-жылдын 9-майында, Нарын районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Тянь-Шань паркындагы эскерүү митинги менен башталып, согушта курман болгон баатырлардын жаркын элесине таазим ирээтинде гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.
Андан соң “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулуп, катышуучулар ата-бабалардын жана согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп өтүп, эрдикке болгон урмат-сыйын билдиришти.

Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, активдүү катышышты.

Белгилей кетсек, Нарын району боюнча бүгүнкү күндө үч ооруктун ардагери жашайт. Нарын райондук администрация жана жергиликтүү бийлик тарабынан урмат-сый көрсөтүлгөн.

Согуш талаасында каны менен, тылда талыкпаган эмгеги менен жеңишке салым кошкон ата-бабалардын эрдиги — тарых барактарында гана эмес, ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө түбөлүк жашай берет.