2024-жылдын 31-октябрында Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө ойчул, даанышман акын, комузчу Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, Нарын районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы С.Нурмамбетов, Нарын райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси К.Бейшебаев, Э.Ибраев райондук китепкананын башчыся Ш.Алакунова жана маданият өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада маданият кызматкерлери менен биргеликте, Арстанбек Буйлаш уулунун атын алып жүргөн Нарын шаарындагы N-8 мектебинин окуучулары тарабынан акын, комузчу Арстанбек Буйлаш уулунун бала чагын чагылдырган чакан сценка тартууланды.
Андан тышкары Эсенгул Ибраев атындагы райондук китепкананын кызматкерлери тарабынан акындын чыгармалары жаңырып, көркөм ырлары окулду.
Арстанбек Буйлаш уулу 1924-жылы Ысык Көл өрөөнүндө жарык дүйнөгө келип, эс тарткан курагынан жумурай журтка атагы чыккан. Ал арман, кошок, санат, терме, керээз сыяктуу ар кыл багыттагы поэмаларды жараткан жана “Арстанбектин арман күү”, “Кербез”, “Кет бука” комуз күүлөрү жана “Тар заман” поэмасы менен жалпы журтка таанымал болгон.
Көптөгөн комуз күүлөрдүн автору, ойчул , төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулу 1978-жылы 54 жаш курагында дүйнө салган.