Бүгүн, 14 -сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” N305 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Нарын районун бардык айыл аймактарында жалпы республикалык ишембилик болуп өттү.
Ишембиликке 540 адам жана 38ден ашык мекеме-ишканалар жана 7 муниципалдык ишкана катышты.
Ишембиликтин алкагында райондун аймагындагы коомдук жайлар, социалдык объектилердин айланасы, жолдун жээктери таштандылардан арылып, ирээтке келтирилди.
Ошондой эле ДЭП-41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 270-372 чакырымдарында жолдун жээктери, аялдамалардын айланысын тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.
Ишембиликке 10 техника тартылып, 67 тонна таштанды чыгарылды.