“УЛУТТУК ДЕМ-ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” УҢГУЖОЛУ

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу жана коомчулукка жайылтуу максатында М.Баетов атындагы райондук маданият үйүндө иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн социалдык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбетова, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрдүн орун басар-жооптуу катчылары, айыл башчылар, мектеп, бала бакча директорлору, аксакалдар, аялдар, жаштар уюмдарынын төрагалары, төрайымдары катышты.
Иш-чарада райондун акими Н.Мадимаров төмөндөгүлөргө токтолду:
Уңгужолдун негизги максаты – мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу, үй-бүлө баалуулуктарын, тарыхын, тилин, маданиятын, салт-санаасын, наркын кеңири жайылтуу жана сактоо, жаштарды спорттун заманбап түрлөрүнө шыктандыруу иштерин жайылтууну колго алуу жана элдик нарк баалуулуктарын бекем сактаган, билими жогору, кесипкөй, жаратман адистерди тарбиялоо керек экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун негизги максаты жана багыттары тууралуу маалымат берип, Жарлыкта белгиленген 7 багытына токтолду:
– Таалим-тарбия, илим, билим жана маданият;
– Айлана-чөйрөнү коргоо;
– Экономика;
– Мамлекеттик тилди өнүктүрүү;
– Социалдык мамилелерди чыңдоо;
– Дене тарбия жана спорт;
– Дин тармактарында аткарыла турган иш-чаралары;
Иш-чаранын соңунда Президентибиз тарабынан уңгужолдун негизги багыттарын калк арасында кеңири жайылтуу жана натыйжага жетүү үчүн иш алып баруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жооп калтыруу