ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕГИ МЕНЕН ЭЛ СЫЙЫНА ТАТЫГАН КООМДУК ИШМЕР АЙЫМ-КҮМҮШ СУРАНОВАГА 100 ЖЫЛ

Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Он-Арча айылында Кыргызстандагы белгилүү коомдук ишмер айым Күмүш Суранованы эскерүү адабий кечеси өткөрүлгөн.
Эскерүү кечесине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы, айыл тургундары, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышкан.
Күмүш Суранова 1924-жылы 5-майда Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Он-Арча айылында (Эчки-Башы кыштагында) туулган.
Эмгек ишмердиги
Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында жаш экенине карабай, чарбалык иштерге аралашып, өзүнүн айылында китепкана башчысы, табелчи, жылкы ферма башчысы болуп иштеген.
1954-жылы республикалык эки жылдык партиялык мектепти окуп аяктагандан кийин колхоздогу жетекчилик кызматтарга көтөрүлгөн.
Казан-Куйган айылдык кеңешинин төрайымы, партиянын Нарын райкомунун бөлүм башчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары кызматтарын аркалады.
1957-жылы Он-Арча айылдык кеңешинин төрайымы болгон.
Ал 1958-71-жылдары Нарын (Тянь-Шань) районунун “Коммунизм” колхозунда башкарманын төрайымы болуп иштеп, эмгеги менен бүткүл элге таанылган.
1971-83-жылдары Он-Арча айылдык кеңешинин төрайымы болуп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.
Күмүш Суранова иштин көзүн билген жетекчи, чарбалык жана коомдук чыйрак ишмер айым экенин айгинелеп, элет экономикасын өнүктүрүүдө, айылдагы элдин жашоо-турмушун жакшыртууда, айыл маданиятын жаңы баскычка көтөрүүдө көп иштерди бүтүргөн.
Ал иштеген жылдары Оттук жана Он-Арча айылдарында клуб, маданият үйү, мектептин жана балдар бакчасынын жаңы имараты, ири сугат каналдар, жаңы үйлөр, короо-сарайлар, суу түтүктөрү, мончо, дүкөндөр курулган.

Жооп калтыруу