2024-жылдын 3-июнунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров өзүнүн иш бөлмөсүндө Нарын райондук статистикалык башкармалыгынын башчысы А.Мамбетов жана айыл өкмөт башчылары менен биргеликте жыйын өткөрдү.
Күн тартибинде статистикалык отчеттер, жашыл мурас, 713 токтомдун айыл аймактарда аткарылышы, санарип аймак боюнча аткарылып жаткан иштер жана Нарын райондук өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлор боюнча талкууланды.
Жыйында айыл өкмөт башчылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом, буйруктарын өз убагы менен так аткарууга чакырып, кемчиликтерди жоюууну тапшырды.
Жыйындын алкагында райондогу жаңыдан түзүлүп иштеп жаткан ишканалардын, жеңил өнөр жай, соода сатык жана ишкерлердин статистикалык отчеттуулугун камсыздоодо, айыл аймактардагы тиешелүү кызмат адамдарына тапшырмалар берилди.