Райондун тарыхы

НАРЫН РАЙОНУ 1930-ж. уюшулган (1957-ж. ага Куланак р-ну кошулган). 1962—92-ж. Тянь-Шань району деп аталган. 2004-жылы июль айында Нарын шаары Нарын районунан өзүнчө аймактык бирдик болуп бөлүнгөн.

Түндүгүнөн Кочкор, батышынан Ак-Талаа, Тогуз-Торо, түштүгүнөн   Ат-Башы, чыгышынан Жети-Өгүз, түндүк-чыгышынан Тоң райондору менен чектешет, райондун калктуу конуштарынын дээрлик көпчүлүгү республикадагы эң узун дарыя  болгон 535 км аралыкты түзөт. Нарын дарыясын бойлой жайгашкан. Борбору — Нарын шаары.

Түзүлгөн убактысы:          1930-жыл

Курамы:                               7 айыл аймак

Калкынын саны :               53 481 адам

Улуттук курамы: –  53 451 (кыргыздар )                                             – 30 (башка улуттар )

Расмий тили:                       кыргыз тили

Телефон коду:                     0 35 22

Республикасынын борборуна чейин – 320  км.

Жакынкы темир жолдон алыстыгы  -180  км.

Жакынкы аэропорттон алыстыгы  -12  км.

Comments are closed.