РАЙОН АКИМИНИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ ӨТКӨРҮЛҮП, 250 БАЛАГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ ✅

2025-жылдын 30-декабрында Муса Баетов атындагы райондук маданият үйүндө акимдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү.
Майрамдык балатыга окууда жогорку жетишкендиктерге жетишкен окуучулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим жана томолой жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, Баткен коогалаңынын катышуучуларынын балдары жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучулары чакырылды.
Майрамдын жүрүшүндө район акими Н.Мадимаров балдарды Жаңы жылы менен куттуктап, ар бирине бекем ден соолук, ийгилик жана ак жарык келечек каалады. Ошондой эле бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан мектеп, бала бакчалар салынып, жаңы мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлүп жаткандыгын белгиледи.
Балаты майрамында М.Баетов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан жомок сахналаштырылып, ыр-бийлер менен коштолгон концерттик программа тартууланды.
Иш-чара Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 61 миң сом каражат бөлүнгөн жана демөөрчүлөр “Авелум Партнер” ЖЧК жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Таалайбек кызы колдоо көрсөтүп, жалпы 250 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Жооп калтыруу