Бүгүн,17-июнда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Жерге-Тал айыл өкмөтүндө иш сапарда болуп, жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрдү.
Жыйынга Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т.Ашырбаев, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйында негизинен жайыт, таза суу жана ирригация тармагы боюнча суроолор берилип, талкууланды.
Район акими айыл өкмөт башчысына жана тийиштүү кызмат адамдарына тапшырмаларды берип, ыкчам иш алып баруу жагын белгиледи.