РАЙОН АКИМИ ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.С. Мадимаров 2024-жылдын 30-майында Миң-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылында атайын иш сапар менен болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жыйынга Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Б.Кошалиев, Нарын РИИБинин башчысынын орун басары Т. Ашырбаев жергиликтүү кеңештин катчысы жана муниципиалдык ишкананын жетекчиси жана Миң-Булак айылынын өнүктүрүү фондунун башчысы катышты.
Жалпысынан алганда жыйын суроо жооп ирээтинде жүргүзүлүп, анда 2024-жылга карата бекитилген муниципиалдык ишкананын бюджети, тарифтери жана жайыт маселеси боюнча бир катар суроолорго, жетекчилер оз тармактары боюнча жооп беришти.
Нарын район акими тиешелүү мекемелерге жана айыл өкмөт башчысына тапшырмаларды берип, ыкчам жана сапаттуу иш алып баруу жагын тапшырды.

Жооп калтыруу