Район акими Достук айылында бир катар маселелерди жеринен карады✅✅✅

Бүгүн, 2025-жылдын 14-майында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылында иш сапар менен болуп, бир катар инфраструктуралык жана социалдык маселелерди жеринен көрүп чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
📝 Иш сапардын алкагында төмөнкү маселелер каралды:
1. КР Президентинин №109 Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз жерлерди аныктап, мыйзам чегинде иш алып баруу маселеси талкууланды;
2. “Шайыр апалар” аллеясынын курулуш иштери менен жеринен таанышып, курулуштун сапаты жана жүрүшү көзөмөлдөндү;
3. 3 сааттык бала бакчанын ишмердүүлүгү көрүлүп, балдарга түзүлгөн шарттар текшерилди;
4. Мурун салынган, учурда жараксыз абалга келген канализация курулушу жеринен каралып, техникалык абалы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды;
5. Гипс заводуна тиешелүү жер аянты менен таанышуу жүргүзүлүп, документтерди тартипке келтирүү тапшырмасы берилди.

Жооп калтыруу