Бүгүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров райондук мекеме жетекчилери менен биргеликте Дөбөлү айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушууну өткөрдү.
Жолугушууда айыл өкмөт башчысы К.Усуповдун жылдык, отчету угулду.
Жыйында, айыл өкмөт башчысы К.Усупов 2023-жылдагы социалдык-экономикалык тармакта аткарган иштери боюнча маалымат берип, ошондой эле 2024-жылда аткарылуучу иш пландары боюнча да маалымат берди.
2023-жылда иш планда негизинен өнөр жай өндүрүшүн жогорулатуу, ветеринария, айыл чарбасы боюнча иштер пландалып, билим берүү, социалдык жактан камсыздоо, саламаттыкты сактоо боюнча аткарылган иштердин ийгиликтери жана кемчиликтери да белгиленди.
Жыйынга катышкандардын көйгөйлүү маселелери талкууланып, тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына жана мекеме жетекчилерине милдеттендирилди.
Жергиликтүү айыл тургундары айыл өкмөт башчысынын жыл ичинде аткарган иштерин “канааттандырарлык” деп баалашты.
Ошондой эле өткөрүлгөн жыйында район акими Н.Мадимаров Нарын облусунда жүргүзүлгөн реформа боюнча элге кеңири маалымат берди.
Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” №85 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” №713 токтому айыл өкмөттөрдө ийгиликтүү ишке ашканын баса белиледи.
Ошондой эле 2023-жылы Нарын районунда 3,5 млрд сом инвестиция тартылып, жалпы район боюнча 400 адам жумуш орду менен камсыз болгондугу маалымдалды.