ПРОКУРАТУРАНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА УЮШТУРУЛГАН СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

2024-жылдын 20-ноябрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Нарын райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын 100 жылдыгына карата билим берүү мекемелеринде окуучулар арасында дил баян жазуу, сүрөт тартуу, видеоролик тартуу конкурстары уюштурулуп, жыйынтыгы чыгарылды.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Ошондой эле өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундарыбыз мектеп окуучуларына прокуратура органдарынын 100 жылдык тарыхы жана ишмердүүлүгүн таанытуу боюнча лекция жана ушундай конкурстар уюштурулган.
Уюштурулган сынактын жыйынтыгы менен алгачкы орундарды камсыз кылгандыгы үчүн төмөндөгү мектеп окуучуларды “Алкыш” сыйлоо баракчасы менен сыйланышты.
Мыкты сүрөт тартып 1-орунду камсыз кылгандыгы үчүн Ө.Токтосунов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 8-классынын окуучусу Маликова Динара Кубанычбековна;
М.Кенжакунов жалпы орто билим берүүчү мектебинин 11-классынын окуучусу Шалдырбекова Самара Шалдырбековнаны жана Умсунай Апа бала бакчасынын музыка мугалими Канатбек кызы Зинат;
Мыкты сүрөт тартып 2-орунду камсыз кылгандыгы үчүн М.Осмонов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Жолдошбекова Тумар Алмазбековна, 11-классынын окуучусу Зарылбекова Айжаркын Бактияровнаны жана А.Жутакеев атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Эрнисова Айбийке Эрнисовна;
Мыкты дил баян жазып 1-орунду камсыз кылгандыгы үчүн А.Аралбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Акатова Эркайым Рахатбековна жана А.Жутакеев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Токтогазиев Айдин Алтынбекович;
Мыкты баян жазып 2-орунду камсыз кылгандыгы үчүн М.Байдөлөтов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Сыргакова Жаркынай Сыргаковнаны;
Мыкты видеоролик тартып 1-орунду камсыз кылгандыгы үчүн А.Табалдиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алмасбекова Назми Алмасбековна;
Мыкты видеоролик тартып 2-орунду камсыз кылгандыгы үчүн А.Жутакеев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими, мектеп парламентинин жетекчиси Г. Таалайбекова.

Жооп калтыруу