ПРОБАЦИЯ КАРДАРЛАРЫНА МАТЕРИАЛДЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин алдындагы Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын Нарын облусу боюнча пробация бөлүмүнүн, учурда Нарын району боюнча 32 кардар каттоодо турат жана анын ичинен 8 кардар социалдык жактан материалдык, гуманитардык жардамга муктаж.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э. Жанболотованын демилгеси менен 2024-жылдын 29-мартында Миң-Булак жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүндөгү пробация органын кардары болгон, социалдык муктаждыгы бар 5 үй-бүлөгө демөөрчүлүк кылып, тамак ашка керектүү азык-түлүктөр менен колдоо көрсөттү.
Ошондой эле Э.Жанболотова пробация органынын тизмесинде турган аз камсыз болгон, колдоого өтө муктаж болгон бир үй-бүлөнү медициналык жана социалдык жактан камкордукка алып, ар тараптан жардам көргөзүп тураарын белгиледи.
Пробация – бул жаңылып кылмышка барган адамга карата колдонулуучу социалдык жана укуктук чаралар болуп эсептелинет.
Андыктан, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар коомчулук менен өз ара тыгыз аракет жүргүзүп, пробациянын кардарына социалдык-укуктук, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп келишүүдө.

Жооп калтыруу