ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫ АЛДЫН АЛУУГА КАРАТА ДАЯРДЫК ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 23-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Нарын райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын, айыл өкмөт башчыларынын жана Жарандык коргонуу комиссиясынын кезексиз жыйыны өтүп аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу жаз мезгилиндеги сел агымдарын алдын алуу чараларын көрүүгө даярдыктардын көрүлүшү, атайын техникалардын абалы, күйүүчү жана майлоочу майлардын корун топтоо жана башка өзгөчө кырдаал мезгилинде керек болуучу шаймандардын  толуктугу такталып,  кырдаал катталса кечиктирилгис чараларды убагында көрүү үчүн өздүк курамдардын даяр турушу белгиленди.

Райондук Жарандык Коргонуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Кулешов жана Нарын району жана Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.Кыдыкбаев өзгөчө кырдаал боюнча  маселелерде кызмат башчыларын жоопкерчиликтүү мамиле кылып ар дайым байланышта болууну жана атайын техникалардын бузуктарын оң абалда болуусу боюнча тапшырмаларды берди.

Жооп калтыруу