Нарын шаарынын “Он-Арча” базарында болуп өткөн окуяда адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери аким тарабынан сыйланды.
Бүгүн, 5-сентябрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров өзүнүн иш бөлмөсүндө жаш болсо да күтүүсүз окуяда кесиптик чеберчилигин көрсөтүп, адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жеңиш Мукамбетовду кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди.
Аким өз сөзүндө өмүрүн тобокелчиликке салып, кызматтык милдетин так аткарган Жеңиш Мукамбетов менен сыймыктанарын айтып, жаш тергөөчүнүн иштерине ийгилик каалап, дайыма эл үчүн ак кызмат кылуусуна тилектеш экенин билдирди.
Эрдик көрсөткөн милиция кызматкерине “Ардак грамота” жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.