Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдары тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында Оттук айылынын кире беришиндеги паркка ийне жалбырактуу карагайдын, кайың, мырза теректин 500дөй көчөттөрү отургузулду.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев жана “Жон-Жи-Майнинг” ЖЧКсынын өкүлдөрү, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Бүгүнкү иш-чарага “Жон-Жи-Майнинг” компаниясы тарабынан 250 миң сомдук колдоо көрсөтүлдү.
“Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында көчөт тигүү акциясы флешмоб менен коштолду.
Ошондой эле Нарын шаарындагы Ж. Акималиев атындагы паркына дагы Нарын райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери тарабынан көчөттөр алынып, отургузулду.