НООРУЗ- ЖАЗДЫН ЖАНА КАЙРА ЖАРАЛУУНУН МАЙРАМЫ

Бүгүн 20-мартта Тянь-Шань паркындагы М.Баетов атындагы маданият үйүндө Нооруз майрамына арналган “Жадырап кел, Нооруз”
аталышындагы майрамдык иш чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Ж.Беккелдиев, Нарын районунун акими Н.Мадимаров, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы А.Молдосалиев, мекеме жетекчилер, айыл өкмөт башчылары, маданият өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Нооруз майрамы жаздын, жаңылануунун жана жаратмандыктын майрамы экендигин белгилеп, эл жерибиздин бүтүндүгүн, ынтымактын, кут береке, мол ырыскынын майрамы болуп, эл жердин бүтүндүгүнө, тынчтыгына арналган каалоо тилектер, куттуктоолор айтылды.
Иш чаранын жүрүшүндө, элге ак кызматын кылып, мамлекеттин өнүгүүсүнө жигердүү салым кошуп келген, ар тармактын өкүлдөрү Нооруз майрамына карата “Ардактуу атуул” наамы менен сыйланышты.
Ошондой эле, Нооруз майрамы берекенин, барчылыктын майрамы болгондуктан, боз үй тигилип, кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак- аш жана суусундуктар боюнча көргөзмө уюштурулду.
Иш-чаранын соңунда райондук маданият үйүнүн өкүлдөрү тарабынан салтанаттуу майрамдык концерттик программа коюлду.

Жооп калтыруу