НАРЫН-ҮЧ-НУРА ЖОЛУН АСФАЛЬТТОО ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

2024-жылдын 29-июнунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Нарын-Үч-Нура унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан иштерге жеринен кабар алды.
2023-жылы Нарын-Үч-Нура унаа жолунун 5,8-6,8км, 7,4-8,6км, 9.3-14.6км жалпы 7.5 чакырым аралыкка асфальт катмарын төшөө иштери пландалып, 2024-жылы 5км 300метр жолду асфальттоо иштери жүргүзүлөт.
Жолду асфальттоо иштери мамлекет тарабынан каржыланып, буйрутма берүүчү катары КРнын транспорт министрлиги жана “Кыргызавтожол” мекемеси ал эми подрядчы “Гранд строй сервис” ЖЧК сы тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө .
Бүгүнкү күндө 2,2 чакырымы асфальт төшөө иштерине даярдалып, жолдун бир тарабына 400 метрине асфальт төшөлүп бүттү. Азыркы мезгилде асфальт төшөө жумуштары улантылып жатат.

Жооп калтыруу