НАРЫН РАЙОНУНУНДА БАЛДАР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУ, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде 2024-жылдын 12-апрелинде Дөбөлү айыл аймагына караштуу Кайыңды айылындагы М.Кенжакунов, Эки-Нарын айылындагы М.Мамбетов, Таш-Башат айылындагы Д.Мамбетов атындагы орто мектептеринде балдар арасындагы жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Профилактикалык иш-чаранын максаты – жашы жете элек балдарга карата жасалган зомбулукту, ырайымсыз мамилени, үй-бүлөлүк зомбулукту, өспүрүмдөрдүн эмгегин пайдаланууну, эрте никеге турууну, адам сатууну, өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликти болтурбоо жана алдын алуу.
Түшүндүрүү иштерине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова жана тиешелүү тармактык мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Жооп калтыруу