НАРЫН РАЙОНУНУН ЖОЛ БОЮНДАГЫ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРДЫ БУЗУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы, Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмү, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссия менен биргеликте жол боюнда жайгашкан мзыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мыйзамсыз объектилер атайын техникалардын жардамы менен алынууда.
Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясы жана айыл өкмөттөрү тарабынан төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүүдө:
Бүгүнкү күндө Учкун 32, Куланак айылынан 6 жарандын тосмо, дубалдары буздурулган жана Куланак айылынан 1 кичи күркө бузулган. Мындан сырткары айыл өкмөтү тарабынан жол жээгине чыгып кеткен кичинекей 3 күркөнү буздуруу иштери жүрүүдө.
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз, Ак-Булуң айылдарындагы жол жээгине чыгып кеткен жарандарын тосмолору бүт алынса, Ак-Кыя айылынан 23, Орто-Саз айылынан 42, Дөбөлү айыл аймагына караштуу Кеңеш айылынан 9 жаран, Кайыңды айылынан 6, Алыш, Дөбөлү айылдарынан 26 жарандын, Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылынан 3 жаран, Өрнөк айылынан 1 жарандын тосмолору буздурулуп, Миң-Булак айылындагы 1 кичинекей күркө артка жылдырылган.
Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Ак-Талаа айылынан 7, Эмгек-Талаа айылынан 10, Ак-Кудук айылынан 8, 8-Март айылынан 4, Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылынан 24, Жерге-Тал айылынан 18, Жалгыз-Терек айылынан 26, Казан-Куйган айылынан 14, жалпы район боюнча 259 жарандардын тосмолору алынган (корук, зым, времянканын дубалы).
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна кирип кеткен обьектилер боюнча соода түйүн ээлерине жалпы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, “Кырк боз үй ” участогундагы соода түйүндөр 16 метрге жылдырылган.
Белгилей кетсек, жогоруда жасалган иш-аракеттер Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында жүрүүдө.

Жооп калтыруу