НАРЫН РАЙОНУНУН ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА СЕЙИЛ БАК ЖАНА ФУТБОЛДУК АЯНТЧАЛАР АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 1-июнда Жерге-Тал айыл аймагында бир катар саамалыктар болуп, Жалгыз-Терек айылында кичи футболдук аянтчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жаштардын тилеги болгон, жашыл аянтча “Премьер право” ЖЧКсы тарабынан берилген кайтарымсыз жардамдын эсебинен курулуп, ишке берилди.
Аталган спорттук аянтчанын курулуш иштери 2022-жылдын сентябрь айында башталып,
2024-жылдын май айы менен аяктап, жалпы наркы 2 млн 980 миң сомду түзгөн.
Андан соң Кызыл-Жылдыз айылында “Жеңиш” эс алуу бакчасы жана Акматов Алмазбек атындагы сейил багынын ачылыш аземи болду.
Иш чарада коомдук ишмер, КР Жогорку Кенешинин бир нече чакырылышынын депутаты А.Акматовдун санаалаш достору, уул кыздары жана коомдук ишмер М. Турганбаев катышып, анын жазап кеткен иштерин, өрнөктүү өмүрүн эскерип, каалоо тилектерин арнашты.
Атап айтсак Жеңиш эс алуу бакчасына Нарын райондук өнүктүрүү фондунан 1,5 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилсе, ал эми өздүк салым катары 380 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
Ушул эле Кызыл-Жылдыз айылында дагы бир жакшы саамалык болуп, “АТ- Минералз” жоопкерчилиги чектелген коомунун демөөрчүлүгү менен кичи футболдук аянтча ачылып, бүгүн пайдаланууга берилди.
Бул футболдук аянтчанын курулуш иштери 2021- жылы башталган. Жалпы наркы 3 млн сом

Жооп калтыруу