СУУ – ӨМҮР БУЛАГЫ
Бүгүн үстүбүздөгү жылдын 11- апрелинде Нарын районунун Жерге- Тал айыл аймагына караштуу Жалгыз- Терек айылында таза суу долбоорунун ачылуу аземи болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбеков жана аталган долбоорду ишке ашырган тараптын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жалпысынан 264 кожолук 1245 адам жашаган Жалгыз-Терек айылын таза суу менен камсыздоого Министлер Кабинетинен жана Азия Өнүктүрүү Банкынан 43 426 805, 18 сом каражат жумшалып, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын алдындагы ” Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мамлекеттик мекемеси “АРИС ” уюму менен биргеликте аткарылган.
Ал эми ” Жумгал суу курулуш” ачык акционердик коому подрядчылык кызматты аркалап, суу алуучу тосмону , 50 куб метр болгон мунараны жана жалпы трассаны казып, көмүү иштерин 2023-жылдын 31-майында баштап, ушул эле жылдын 27-декабрында аяктаган.
Мамлекет тарабынан кепилденип, калкты таза суу менен камсыздоо долбоору Нарын районунун 5 айылында башталып, жыл ичинде бүткөрүлүп, ишке берилээри мерчемделүүдө.