Бүгүн, 28-ноябрда Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Шоро айылында фельдшердик-акушердик пункт капиталдык ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ташболотов, АРИС уюмунун Нарын району боюнча башкы эксперти Ж.Мамбетжанова, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү, мугалимдер жамааты катышты.
Шоро айылындагы фельдшердик акушердик пункт (ФАП) АРИС уюмунун АИД-3 кошумча каржылоо долбоору тарабынан 1 млн 683 881 сомго каржыланган. Мунун ичинен жергиликтүү бюджеттен 327 468 сом бөлүнгөн.
ФАПту ремонттоо иштери “Бекем-Курулуш” ЖЧК тарабынан жүргүзүлгөн.
Ошондой эле район акими Н.Мадимаров өз сөзүндө өлкө башчыбыз Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо тармагына да көңүл буруп, алыскы аймактагы калктын саламаттыгын сактоо менен ар бир жарандын ден соолугуна кам көрүп, аймактардагы жашоочулардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана райондогу саламаттыкты-сактоо деңгээлин жогорулатууга маанилүү кадам экендигин баса белгиледи.
Бул мамлекет тарабынан көрүлгөн аракеттер аймактагы медицина тармагын өнүктүрүү жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн жакшы кадам.
Андан сырткары өлкөбүздө, облуста жана районубузда экономика, өнөр-жай жана өндүрүш тармагында да алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.
Ошондой эле Шоро айылындагы С.Мамбетов атындагы орто мектебине информатик Т.Тыналиев атындагы компьютердик класска 16 компьютер принтери менен, телевизор жана 16 стол алынып келинген.
Каржылоо булактары Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фонду тарабынан 800 052 сом, жергиликтүү бюджеттен 100 000 сом, ошондой мектеп жамааты тарабынан да колдоо көрсөтүлүп, ишке ашырылган.