2024-жылдын 12 айында Нарын районунун прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү багыты боюнча 72 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 200 мыйзам бузуулар аныкталып, 14 сунуштама, 184 укук бузуулар жөнүндө административдик өндүрүш иши жана 2 коррупциялык жана кызматтык кылмыш иштери козголгон.
Прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгында 23 кызмат адамы тартиптик жана 180 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттик бюджетке жалпысынан 101033 сом акча каражаты өндүрүлгөн.
Аныкталган мыйзам бузууларды органдар боюнча бөлүп карасак жүргилүктүү өз алдынча башкаруу органдарында 38, аткаруу бийлигинин аймактык бөлүкчөлөрүндө 16, укук коргоо органдарында 9, контролдочу органдарында 4, жергиликтүү мамлекеттик администрациясында 4, мамлекеттик мекеме ишканаларында 2 жана сот адилеттигин ишке ашырууга байланышпаган сот бийлигинин аппараттары жана бөлүмдөрүндө 1.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча, тактап айтканда мамлекеттик жарандык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө мамлыматтарды камтыган бирдиктүү салык дикларациясын тапшыруусуна карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 2023-жыл үчүн бирдиктүү салык дикларациясын тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 182 кызматкерлерге карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар Нарын райондук сотуна кароо үчүн жиберилип, жыйынтыгында 178 кызмат адамдарына жалпы суммасы 862 000 сомду түзгөн айып пул түрүндөгү жаза чарасына тартылышкан.
Нарын районунун прокуратурасынын аткарылган иш аракеттери Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругунда белгиленген талаптар боюнча алынып барылган.
Нарын районунун прокурорунун
жардамчысы Т.Абдыкадыров