НАРЫН РАЙОНУНУН ОТТУК АЙЫЛЫНДА КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 19-сентябрда Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылында кичи футболдук аянтча ачылып, пайдаланууга берилди.
Ачылышка Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев, айыл тургундары жана айыл аймактын аксакалдары катышты.
Кичи футболдук аянтча Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү (стим.грант) гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, курулуш иштери “КАПСТРОЙ” ЖЧК тарабынан жүргүзүлгөн.
Район акими спорттук аянтчанын айылда болуусу жакшы саамалык экенин белгилеп, жаш муунду сергек жашоого үндөөдө салымы чоң болоорун кошумчалады.
Футболдук аянтчанын жалпы наркы 2 млн 921 миң сомду түзүп, мунун ичинен республикалык бюджеттен 1 млн 493,3 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1 млн 571 миң сом бөлүнгөн.
Андан соң район акими Оттук айылындагы ремонттоо иштери жүргүзүлүп жаткан”Алымкулов Абдраим” атындагы каналында болуп, жеринде жүргүзүлгөн иштер менен таанышты. Азык-түлүк коопсуздугун алдын алууда, тоют топтоодогу тоскоолдуктарды жоюда, сугат суусунун болуусу абзел. Аталган канал менен 200 га ашык жер аянты сугат суусу менен камсыз болот.
Алымкулов Абдраим каналынын ремонттоо иштерине Нарын райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн 300 миң сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 300 миң сом бөлүнүп, курулуш иштери “КАПСТРОЙ” ЖЧК жана ашар жолу менен курулган. Бүгүнкү күндө каналдын куруу иштери толук бүткөрүлгөн.

Жооп калтыруу