Бүгүн, 25-декабрда Нарын облусунун аймагында мамлекет тарабынан каржыланган 10 ири социалдык жана өндүрүштүк объектилердин ачылышы болуп өттү.
Алардын катарында Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Лахол айылындагы заманбап спорт комплекси ачылып, пайдаланууга берилди.
Спорт комплекс Кыргыз Республикасынын «Капиталдык салымдар» беренесинен каржыланып, 2024-жылы курулушу башталган.
Курулуш “НЮСКА” ЖЧК тарабынан жүргүзүлгөн.
Спорт комплекстин жалпы сметалык баасы 57 млн 15 миң 444 сомду түзгөн.
Жаңы спорт объекти жаштардын сергек жашоого болгон умтулуусун колдоо, спортту өнүктүрүү жана айыл жергесинде ден соолукту чыңдоого шарт түзүү максатында курулду.









