НАРЫН РАЙОНУНУН КУЛАНАК АЙЫЛЫНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ БОЮНЧА ШТАБ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 7-августта Учкун айыл өкмөтүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун жетектөөсү астында жарандык коргонуу боюнча штаб өттү.
Эскерте кетсек, 6-августта саат 20:30 чамасынан 21:15 ке чейин Нарын районунун Куланак айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кур-Кокту, Ичке жана Терек-Суу коктуларынан кыян жүрүп, сел каптаган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А. Касмалиев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов жеринде абал менен таанышып, селдин кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү тапшырмаларды беришти.
Сел каптоонун негизги себеби, сел агып түшүүчү каналдардан агып түшкөн сел суулары Нарын-Баетов автожолундагы көпүрөлөргө батпай калгандыктан турак-жайларды, короо, огород жана айдоо аянттарын каптаган.
Селдин кесепетин жоюу максатында кечээ Куланак айылындагы 42 турак үйлөрүнүн короолоруна, жана жер төлөөлөрүнө кирген. Жеринде акимдин биринчи орун басары, Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери жеринде иш алып баруу менен КР ӨКМнин Нарын райондук №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, 1 мотопомпа турак үйлөрдүн жер төлөөлөрүнө кирген сууларды сордуруу иштерин жүргүзгөн.
Селдин кесепетинен айылдан жалпы 42 турак үйдүн короо жайын, огороддор жана 6 турак үйдүн ичине суу кирген. Турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча 42 үйдүн 12 турак жайы камсыздандырылган.
Штабдын жүрүшүндө селдин кесепетин жоюу жана ыкчам аракеттерин көрүү боюнча жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү мекемелерге тийиштүү тапшырмалар берилип, көпүрөлөрдүн ичтерин тазалоо менен аталган участкалардагы көпүрөлөрдү көлөмү чоң көпүрөлөгө алмаштыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Учурда Куланак айылындагы кыян-суулардын кесепетинен жабыр тарткан турак-жайларды, айдоо аянттарды жеринде аныктоо үчүн райондук жарандык коргонуу комиссиясы 4 топко бөлүнүп иш алып барышууда.
Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 20 куткаруучу тартылып, кыян суулары кирген турак-жайлардын ичиндеги сууларды мотопомпанын жардамы менен сыртка сордуруп чыгуу жана тазалоо жумуштарын аткарышууда.
Куланак айылындагы селден коргоочу каналдарды калыбына келтирүү жана турак-жайлардагы кум-шагылдарды тазалоо максатында Учкун айыл өкмөтүнөн 2 даана мех.погрузчик, 1 даана Хово тартылып, калыбына келтирүү жумуштарын аткарышууда.
Инженердик техникаларга КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан дизелдик куйүүчү май бөлүнүп берилүүдө. Учкун айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасы тарабынан үзгүлтүкө учураган таза суунун түтүктөрүн калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүшүүдө.

Жооп калтыруу