Бүгүн, 4-июнда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылында иш сапарда болду.
Ийри-Суу айылында жалпы аянты 1763 чарчы метрди түзгөн 225 орунду мектептин курулуш иштери башталды.
Аталган билим уясына мамлекет тарабынан капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 116 млн 974,0 миң сом которулуп ал эми долбоору “Элет Арх” ЖЧКсы тарабынынан даярдалган.Курулуш иштерин подрядчы уюм катары “Кайынды-М” ЖЧКсы жүргүзүп, курулуш иштери жүрүп жатат.
Район акими курулуш иштери менен жеринде таанышып, алыскы жана тоолуу аймактагы элдер жана окуучулар үчүн мамлекет тарабынан жакшы шарттар түзүлүп жатканын баса белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, Ийри-Суу айылындагы курулушу жаңы башталып жаткан, жогоруда аталган 225 орундуу билим уясы мамлекет тарабынан капиталдык салымдар беренесинин эсебинен курулуп жаткан Нарын районундагы беш мектептин бири болуп саналат.