НАРЫН РАЙОНУНУН БАРДЫК АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ, ЗОРДУК ЗОМБУЛУКТУ ЖАНА РЭКЕТЧИЛИКТИ АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн графикке ылайык, райондун бардык айыл аймактарындагы орто билим берүү мекемелеринде жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, зордук зомбулукту жана рэкетчилик фактыларын алдын алуу максатында, укук коргоо органдары жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте ата-энелерге, окуучуларга жана мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйында өспүрүмдөр арасындагы зордук зомбулукту, кылмыштуулукту жана рэкетчиликке жол бербөө үчүн кандай иш-аракеттер жасалуу керектиги талкууланып, жаштардын кылмыштуулукка жана рэкетчиликке аралашпашы үчүн тарбиялык иштерди күчөтүү жана жаштарга өз укуктарын жана милдеттерин билүү, туура жолду тандап, мыйзам бузбоо тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу жана ысырапкорчулукка жол бербөө максатында 2024-жылдын 14-октябрында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу чаралары жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө №296 Жарлыгы чыгарылып, маркумдарга эстелик күмбөздөрдү баалуу таштардан,мрамор, гранит жана металл буюмдардан же алардын кошулмаларынан турган материалдардан жасоого, статуяларды, эстеликтерди орнотууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жер-жерлерде өткөрүлгөн мындай жыйындар тартипти сактап, коопсуздукту жакшыртуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Мунун аркасында аймактарта кылмыштуулук азайып, жаштардын терс жолго түшүүсүнө бөгөт коюуга шарт түзүлөт.

Жооп калтыруу