Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын атайын түзүлгөн графигине ылыйык, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова тиешелүү мекеме жетекчилер, айыл өкмөт башчылары менен биргеликте салыктык эмес төлөмдөр (713 токтом), милдеттүү медициналык камсыздандыруу, турак-жайларды камсыздандыруу, ысырапкорчулукту алдын алуу жана билим берүү мекемелеринде (мектеп, бала бакча) коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында жер-жерлерде жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жыйындарда салыктык эмес төлөмдөр (713 токтом), Кыргыз Республикасынын “Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү ” мыйзамына ылайык, жарандар медициналык жактан камсыздандырылышы зарыл экендиги жана полистеги жеңилдиктер боюнча маалыматтар берилди.
Андан сырткары турак-жайларды камсыздандыруу жана ар кандай кырсыктан коргоонун маанилүүлүгү жана шарттары, камсыздандыруу полисинин түрлөрү боюнча айтылды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу жана ысырапкорчулукка жол бербөө максатында 2024-жылдын 14-октябрында “ “Маркумду узатуу жана сөөгун жайга коюу чаралары жөнундө” Мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө №296 Жарлыгы чыгарылып, маркумдарга эстелик күмбөздөрдү баалуу таштардан, мрамор, гранит жана металл буюмдардан же алардын кошулмаларынан турган материалдардан жасоого, статуяларды, эстеликтерди орнотууга тыюу салуу боюнча кеңири маалыматтар берилди.