2024-жылдын 6-12 март күндөрү Нарын районунун акими Н.С.Мадимаровдун кезектеги иш сапары, Жан-Булак жана Учкун айыл аймактарында болуп өттү.
Алгач Жан-Булак айылындагы калктын саламаттыгына кам көргөн ФАПтын ишмердүүлүгүн, Достук айылындагы бала бакча жана айылдык китепканын абалдары менен таанышты.
Андан соң Учкун айыл аймагынынын административдик борбору болгон Куланак айылындагы айыл өкмөтүнүн мекемесинде болуп, мамлекет тарабынан чыгарылган токтом , буйруктардын аткарылышы жана иш кагаздары менен таанышты.
Ошондой эле бул иш сапардын алкагында Учкун айылындагы, 2023- жылы мамлекет тарабынан дем берүүчү гранттын негизинде, капиталдык ондоп түзөөдөн өткөн Э. Токсобаев атындагы жалпы билим берүү мекемесинде болду.
Анда окуучуларга түзүлгөн шарт менен бирге алардын жетишкендигин, билим сапаты жана республикалык тестирлөөгө болгон даярдыгына кызыкты.
Учкун, Сары-Ой айылдарындагы маданият үйлөрүнүн, бала бакчалардын ишмердүүлүгү жана Жылан-Арык айылындагы айыл өкмөтүнүн мекемесин дагы көз жаздымда калбастан, текшерилип калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча жооптуу кызмат адамдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.