НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ ЖАН-БУЛАК ЖАНА УЧКУН АЙМАКТАРЫНДА ИШ САПАРДА БОЛДУ

2025-жылдын 12-июлунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович Жан-Булак айыл өкмөтүнүн Достук айылы жана Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак, Учкун жана Сары-Ой айылдарына иш сапар менен барды.
✅ Иш сапардын алкагында аймактардагы мектептердин, бала бакчалардын, маданият үйлөрүнүн жана айыл өкмөт имараттарынын айлана-чөйрөсүнүн тазалыгы, ирээти, жайкы көрктөндүрүү иштери жеринен көзөмөлгө алынып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
📍 Аким ошондой эле Учкун айыл аймагындагы Жылан-Арык айылында курулуп жаткан 150 орундуу К.Жусупов атындагы орто мектептин курулушу менен таанышып, иштин сапаты жана жүрүшү боюнча подрядчы уюмга жана айыл өкмөтүнө так милдеттерди жүктөдү.

Жооп калтыруу