Бүгүн, 30-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров жана мекеме жетекчилери менен биргеликте Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Терек айылынын эли менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда, Жалгыз-Терек айылынын калктуу конушунун башкы планы боюнча талкуу жүргүзүлүп Нарын райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы К.Бейшебаев жана КРнын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресуртары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалынын жетекчисинин орун басары Ж.Маатказиев болуп айылдын башкы планы жана жер боюнча тургундарга кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Андан соң айыл ичиндеги электр энергия менен камсыздоо, турак-жайга жер тилке берүү, жайыт жана жер меселелери боюнча айыл тургундары тарабынан ар түрдүү суроолор берилди.