Нарын районунун алыскы айыл аймактарындагы тургундардын жашоо шартын жеңилдетүү, көйгөйлөрүн жеринде угуу максатында 2024- жылдын 20-21-май күндөрү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.С. Мадимаровдун иш сапары Миң-Булак айыл аймагынын Кара-Кужур жана Жерге- Тал айыл аймагынын Кызыл- Жылдыз айылдарында болуп өттү.
Белгилей кетсек, Кызыл-Жылдыз айылында Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорду эскерүү аянтчасынын курулуш иштери менен таанышты. Бул эскерүү аянтчасын курууга Нарын райондук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн.
Андан соң Кызыл-Жылдыз айылындагы мектептин ишмердүүлүгү менен таанышып, бүтүрүүчү класстарга алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөдө ийгилик каалап өттү.
Эки күндүк иш сапардын кийинки бөлүгү Кара-Кужур өрөөнүндө улантылды. Анда маалым болгондой Жер-Көчкү айылында колхоз, совхоздор тарагандан бери мамлекеттин менчигинде турган, мамлекеттик асыл тукум мал чарбасынын сарайлары боюнча жеке турак жай үчүн жазылган арыздын негизинде, жеринде көрүп суроосун канааттандырды.
Андан соң Жер-Көчкү айылында жаңы курулуп жаткан билим уясынын курулуш иштери менен жана ушул эле айылдагы ФАП жана бала бакчанын ишмердиги, талапка ылайык тазалыгы менен таанышты. Заман талабына ылайык маданият үйүнүн жоктугун сурап кайрылган жарандарга, район акими бул нерсе көңүл борборунда болоорун белгиледи.